Оюнга жооптуу мамиле
1. Коюмдар таржымалы
Сиз мурунку коюмдар, каражаттарды алуу жана чыгаруунун толук таржымалын, ошондой эле учурдагы баланстын жеке эсепбин mostbet теги “Коюмдар таржымалы” Жеке Аккаунт бөлүмүнөн көрө аласыз. Бөлүмдө кененирээк маалымат издөөдө Сизге жардам бере турган бир нече чыпкалар бар. Бул жерден Сиз эмнени, качан жана канча койгонуңузду, жеңгениңизди же уттургандыгыңызды так көрө аласыз.
2. Өзүн-өзү башкаруу
Оюндан болгон көз карандылык оюнчулардын өздөрү үчүн гана эмес, алардын үй-бүлөлөрүнө да терс таасир көрсөтөөрүн биз түшүнөбүз.
Мындай жагдайларды чечүү өтө эле оор. Эң негизгиси, оюнчуларга колдоо көрсөтүү жана көз каранды адамдар кошумча жардам кабыл алууга даяр болгондо кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүү. Сураныч, оюнга көз каранды адамдарга түздөн-түз жардам берген алдыңкы уюмдардын тизмегин таба турган “Жардам суроо” бөлүмүнө өтүңүз.
Жакындары кумар оюндарына көз карандылыктан жапа чеккен жана аларга жардам бергиси келген адамдарга, ушул сыяктуу кырдаалдарда жардам жана колдоо көрсөтүүгө адистешкен Gam-Anon уюмунун сайтына – www.gamanon.org.uk кирүүнү сунуштайбыз.
Төмөндө өзүн-өзү башкаруу үчүн суроолор бар. Сиз аларды кумар оюндарына канча убакыт жана акча коротооруңузду эсептөө үчүн колдоно аласыз.
– Сизди кумар оюндарына катышкандыгыңыз үчүн сындашты беле?
– Кумар оюндарына кеткен акча же убакыт тууралуу калп айтууга же жашырууга туура келди беле?
– Чыр-чатактын, капачылыктын же көңүл калуулардын ордун ойноо менен толтургуңуз келеби?
– Жалгыз калганда, сиз узак убакыт бою ойнойсузбу?
– Сиз кумар оюндарын ойноп, жумушка барбай каласызбы?
– Сиз жашооңуздан баш тартуу үчүн же жаман маанайдан качуу үчүн ойнойсузбу?
– Сиз башка чыгымдарга “ойной турган акчаны” коротууну каалабайсызбы?
– Сиз кумар оюндарынанын кесепетинен үй-бүлөгө, досторго же ышкыга болгон кызыгууну жоготтуңузбу?
– Утулгандан кийин, мүмкүн болушунча тезирээк утууну каалайсызбы?
– Сиз ойноп жатканда, акчаңыз түгөнүп калганда, кыжырыңыз келип, көңүлүңүздү чөгөрүп, ойноону улантууну каалайсызбы?
– Сиз акыркы тыйыныңызды уттурганга чейин ойнойсузбу?
– Коюм коюу же кумар оюнуна карызды төлөө үчүн алдаганга, уурдаганга же карызга акча алганга туура келди беле?
– Сиз кумар оюндарына байланыштуу басынып же тынчысыз абалда жүрөсүзбү?
Эгерде жогорудагы суроолордун жок дегенде экөөсүнө “ооба” деп жооп берген болсоңуз, Сиздин жагдайыңызды талкуулоо үчүн төмөндөгү “Жардам суроо” бөлүмүндө көрсөтүлгөн уюмдардын бирине кайрылышыңыз керек. Бардык тизмеленген уюмдар толук купуялуулукка кепилдик беришет.
Сураныч, Сиздин оюнду кыйла жоопкерчиликтүү кылууга жардам берүү үчүн төмөнкү беш кеңешти колдонуңуз:
– Ал, Сизге канааттанууну алып келген учурда гана ойноңуз.
– Уттурган акчага көңүл ачуу үчүн төлөм катары караңыз жана жоготууну оюндун ажырагыс бөлүгү катары кабыл алууга аракет кылыңыз.
– Утуу үчүн гана ойнобоңуз.
– Өзүнүз чыгымдарыңызга жана/же ойноо убакытына чек коюңуз, ал чектерди сактаңыз.
– Коюмдар үчүн карызга акча албаңыз.
3. Жардам суроо
Эгер сизге кумар оюндарына байланыштуу жардам же колдоо керек болсо, төмөндө көрсөтүлгөн уюмдардын биринен кеңеш же жардам издесеңиз болот.
Gamcare
GamCare кумар оюндарына көз каранды адамдар колдоо, кеңеш жана консультация ала турган алдыңкы мамлекеттик орган болуп саналат. +44 808 8020 133 телефонуна чалыңыз же веб-сайтка кириңиз.
Gambling therapy
Gambling Therapy көз каранды адамдар үчүн ишеним телефонун жана форумун сунуштайт, анда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген адамдар туш болгон көйгөйлөрдү талкуулай алышат.
Gamblers anonymous
Gamblers Anonymous – бул өз көз карандылыгы менен күрөшүүдө биригип, кумар оюндарына көз каранды башка адамдарга жардам берген аялдар менен эркектердин көп улуттуу өнөктөштүгү.
Be Gamble Aware
BeGambleAware®, GambleAware аты менен иштеген Responsible Gambling Trust көз карандысыз кайрымдуулук уюму тарабынан башкарылат жана каржыланат.
GamBlock
GamBlock уюму оюнга көз каранды адамдарга оюн сайттарына кирүүнү тосмолоо жолу менен кызмат көрсөтөт.